Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Айыпка жыгылган судьянын каяшасы


Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 30-декабрь, 2019-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 30-декабрь, 2019-жыл.

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү өзүнө карата түзгөн протоколду жокко чыгарууну суранып Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылды. 

Судьяга карата өткөн айдын этегинде Тартип бузуу жөнүндө кодекс боюнча үч протокол толтурулган. Жол инспекторлору өз иш-аракеттеринин баары мыйзамдуу болгонун айтышууда.

Жол эрежесин бузду деп айыпка жыгылган судья Элмира Сулайманованын доо арызын Жалал-Абад шаардык соту карай баштады. 20-январдагы алгачкы отурумга Сулайманованын өкүлү Тилек Батырбеков, жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү Асылбек Мамазакиров жана жетекчиси Тынычбек Рахмановдор катышты.

Сулайманова доо арызында жол инспектору протоколду туура эмес түзгөнүн, анын судья экендигин эске албаганын жазган. Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматкери Мирлан Төрөмаматов Сулайманованын сотко кайрылышы - анын жарандык укугу экенин билдирди:

Жалал-Абад шаардык соту. 20-январь, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаардык соту. 20-январь, 2020-жыл.

- Жалал-Абад шаардык жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү тарабынан өткөн жылдын 30-декабрында эреже бузуу боюнча чара көрүү жөнүндө кабыл алган токтомдорун жокко чыгарууну суранып даттанган. Сулайманованын сотко кайрылышы - бул анын жарандык укугу. Ал ар бир жаран сыяктуу эле өз укугун коргоп сотко кайрыла алат.

Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2019-жылы 30-декабрда түндө мас абалында бара жатып жол кырсыгына кабылган Элмира Сулаймановага карата Тартип бузуу кодексинин «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» жана «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкарышы» беренелери боюнча протокол түзүлгөн. Аталган бөлүмдүн инспектору Айбек Сатыбалдиев өз жүйөсүн келтирди:

- Биринчиден Сулайманова бирөөнүн автоунаасын сүзүп, качып баратканда билдирүү түшкөн. Ошол учурда биздин кызматкерлер артынан барып кармашкан. Ошол учурда ал мас абалында болгону аныкталган. Интернетке тараган видео материалдарда бардык жагдай ачык тартылган. Сулайманова ошол учурда судья экендигин тастыктаган документтерин көрсөткөн эмес, аны жөн гана машинеде баратканда оозеки түрдө айткан. Ошол күнү анын үстүнөн Тартип бузуу кодексине ылайык үч протокол толтурулган жана автоунаасы токтотуучу жайга киргизилген. Биз инспектор өз ишин мыйзамдуу негизде аткарган деп билебиз.

20-январда Жалал-Абад шаардык сотундагы жараянда жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Тынычбек Рахманов жана кенже тескөөчүсү Асылбек Мамазакиров судьяга ишенбестик көрсөтүштү. Сулайманованын шаардык сотто бир топ жылдан бери иштеп келе жатканын эске алып, алар ишти башка аймактагы сотко өткөрүп берүүнү суранышты. Бирок судья алардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Сотко катышкан милициянын ардагери Муктар Исмаилов мындай деди:

Муктар Исмаилов.
Муктар Исмаилов.

- Мен ушул тармакта 30 жыл иштеп, мынчалык зөөкүрлүктү көргөн эмесмин. Судьянын өзүнүн баскан жолу туура эмес деп эсептейм. Судья биринчи кезекте сотко чейин протоколду жокко чыгаруу боюнча жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө кайрылса туура болмок. Доо арыз жазган судья шаардык сотто иштеп туруп, анын кесиптештери жана мурда анын кол алдында иштеген жакындары бул ишти караганы туура болбойт. Ошондуктан судьяга ишенбестик көрсөткөнүбүздү ал четке кагып койду. Учурдан пайдаланып кайрылат элем. Урматтуу президент, Жогорку соттун төрайымы, Соттор кеңеши! Бул - силер жүргүзүп жаткан реформанын жүзү. Атасын баласына, баласын эжесине салып берип жатасыңар. Сиздердин ушундай туура эмес көрүнүштөргө көңүл буруп коюшуңуздарды суранабыз. Биз дагы да болсо шаардык соттун судьясына ишенбестик көрсөтөбүз, бирок булар өз билгенин кылып жатышат.

Милициянын маалыматына караганда 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү жергиликтүү телеканал менен бирге атайын рейд уюштурулган. Анда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа «Нексия» машинесин сүзүп алган. Текшерүү учурунда «Тойота» машинесинин айдоочусу Элмира Сулайманова автоунааны жанында документтери жок, мас абалында айдап баратканы аныкталган. Натыйжада Сулайманованын машинеси токтотмого коюлуп, айып салынган.

Абдуназар Маматисламов.
Абдуназар Маматисламов.

Укук коргоочу Абдуназар Маматисламов бардык адам күнөөсүн аныкташ үчүн сотко кайрылууга укуктуу экенин эске салды:

- Сотко кайрылганга жаран катары ар кимдин укугу бар. Экинчи маселе - инспектор түзгөн протоколдун мыйзамдуулугу. Кээ бир учурларда карапайым тургундарга протокол түзүп, сотко өткөрсө эч нерсени билбей макул болуп коё беришет. Ага соттор өздөрү көз жуумп койгон учурлар болот. Эгерде инспекторлор менен тартышсаң айрым туура эмес жагдайлар чыгат. Сулайманова балким ошол жагдайдан улам өз укугун коргоп сотко кайрылып жаткандыр? Ал эми инспекторлордун шаардык соттун бардык судьяларына доо коюп жатканы орундуу. Мындай учурда сот ишти Сузак райондук же Ош шаардык сотуна кароого жөнөтсө болот. Бирок биринчи кезекте сөзсүз райондук, шаардык соттордо каралышы керек.

Социалдык тармактарда судьянын бул аракети сынга кабылып, талкуу жаратты. Сулайманованын жактоочусу Тилек Батырбеков учурда судья ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга элек экенин билдирип, азырынча бул иш боюнча комментарий бере албай турганын айтты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG