Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:07

Түптө Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат


Түп. 22-январь, 2020-жыл.

Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүп жатышат.

Тынчтык митингинин уюштуруучуларынын бири Бакыт Ибраев «Азаттыкка» билдиргендей, иш-чараны Түп райондук администрациясынын алдында уюштуруу тууралуу өтүнүч акимчиликке жөнөтүлгөн.

- Биздин негизги талап - мыйзамсыз, бейкүнөө камакта отурган Садыр Жапаровдун боштондугу. Буга чейин Ак-Суу районунда да жаштар чогулуп ушундай митинг өткөрүшкөн. Бул жолу Түптүн жаштары чыкты. Жыйынтыгында резолюция кабыл алабыз, - деди ал.

Митингге болжол менен 150 киши катышып жатат.

Тартип коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG