Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Чүй милициясы: Окуучу кыздар уурдалганы жөнүндө кабар тастыктала элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Эркин-Сай айылында эки окуучу кызды уурдоо аракети болгону жөнүндө маалымат текшерилип жатат, бирок тастыктала элек. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-январда Панфилов районунун ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөлөр эки кичине кызды машинеге салып кетүүгө аракет кылганы тууралуу кабар түшкөн. Бирок кыздардын өздөрүн суракка алганда алардын айткандары эки башка чыгып жатат.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Жергиликтүү тургундарды сураштырганда алар чоочун эч кимди көрбөгөнүн айтышты. Учурда айылдын тегерек-чети тинтүүгө алынып, машинелер текшерилип жатат. Кыздардын көрсөтмөсү эки башка чыгып жаткандыктан калп-чынын аныкташ үчүн кылдат териштирүү жүрүп жатат», деп айтылат Чүй милициясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

23-январда социалдык түйүндөрдө чөнтөк телефонго тартылган видео тарап жатат.

Анда көзү жашылданган кызды мектепке жетелеп кирип келаткандар «Машинеге салбай эле, колдорунан жетелептир. Булар жардам сурап ыйлаганда кое берип эле, урган бойдон кетишиптир. Машиненин ичинде эки бала бар экен» деп айтып жатканын көрүүгө болот. (RK)

XS
SM
MD
LG