24-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз 3…8;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 7...9 градус болот.