Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 18:28

Багдадда АКШ күчтөрүнө каршы жүрүш өтүп жатат


Багдаддагы нааразылык. 24-январь, 2020-жыл.

Багдаддын эки районунда АКШнын аскердик күчтөрүнүн Иракта турушуна каршылык билдиргендер жүрүшкө чыгышты. «Ал-Хуррия» аянтына жана Багдаддын башкы университетинин жанында чогулган миңдеген адамдар Ирактын желектерин булгалашып, АКШга каршы ураан чакырып жатышат.

Күбөлөрдүн айтымында, жүрүшкө чыккандарды Иран колдогон шиит аскердик кошуундардын өкүлдөрү кайтарып турушат. Багдаддын элчиликтер жайгашкан «Жашыл аймагына» кире турган башкы жолдорду Ирактын коопсуздук күчтөрү көзөмөлдөп жатат.

24-январдагы бул жүрүшкө Иранга ыктаган ирактык таанымал шиит диниятчы Муктада ал-Садрдын чакырыгы себеп болду. Ал Ирактагы америкалык күчтөргө каршы «миллион адамды» көчөгө чыгууга үндөгөн.

Январь айынын башында Ирандын таасирдүү аскердик командири Касем Сулеймани Иракта АКШ армиясынын аба соккусунан каза тапкан. Аны улай Ирактын парламенти чет элдик күчтөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөгөн резолюция кабыл алган. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен Ирактын президенти Бархам Салих 22-январда Давосто жолугуп, америкалык күчтөр Иракта кала бериши керек деген бүтүмгө келишти.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG