Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

«Коопсуз шаар»: Айыппулдан казынага 592 миллион сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдын март айынын тартып жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдун жалпы суммасы 592 миллион сом болду. Бул маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүн жыйынында жарыялады.

Өкмөт башчынын айтымында, камера орнотулган жерлерде жол кырсыктары дээрлик 50% азайды.

Бул көрсөткүч Бишкекте 41,9%, Чүй облусунда 54,8% түздү.

Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын октябрь айындагы маалыматы боюнча, 2019-жылы тогуз айда өлкөдө 4694 жол кырсыгы катталып, көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 12,3% көбөйгөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү аталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG