Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:15

АКШнын Ирактагы элчилиги ракета чабуулуна кабылды


АКШнын Ирактагы элчилиги.

АКШнын Ирактагы элчилигин көздөй атылган ракета соккусунан үч киши жарадар болду. AFP жана «Reuters» маалымат агенттиктери өз булактарына таянып билдиришкендей, 26-январда Багдаддын АКШ элчилиги жайгашкан районуна баш-аягы беш «Катюша» ракетасы атылган. Алардын үчөө дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына түшсө, бир ракета элчиликтин ресторанына тийген.

Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди элчиликти бутага алган чабуулду айыптады. Ошол эле күнү Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Ирактын бийлигин АКШнын Багдаддагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн коргоо тууралуу милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Бул окуя болгон күнү Багдадда коррупцияга, чет өлкөлөрдүн Ирактын ички ишине кийлигишүүсүнө жана америкалык аскерлердин өлкөдө турушуна каршы нааразылык акциялары өттү.

АКШнын Багдаддагы элчилиги ушуну менен үчүнчү жолу чабуулга туш болуп жатат. 21-январда элчиликтин жанына үч «Катюша» ракетасы түшүп, бирок андан эч ким жабыркаган эмес. 31-декабрда Кошмо Штаттардын Ирактагы шиит кошуундарын бутага алган аба чабуулун айыптаган демонстранттар элчиликтин имаратына күч менен кирүүгө аракет кылышкан.

3-январда АКШнын Багдад аэропорттунун жанындагы аба чабуулунан Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлгөн.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG