Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:34

Кытайда коркунучтуу вирустан 132 адам өлдү


Метро станциясына кире бериштеги текшерүү. Бээжин, Кытай. 27-январь, 2020-жыл.

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы 28-январда коронавирусту 5 974 адам жугузуп алганы аныкталганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жалпысынан 29 233 адам ушул вирусту жугузуп алган деп шек саналууда.

Кытай бийлиги оорунун очогу Хубей провинциясына карантин жарыялаган. Өпкөнү сезгенткен оору бул аймактагы 11 млн. эли бар Ухань шаарында былтыр декабрда катталган.

Айрым мамлекеттер аймактагы жарандарын алып кетишүүдө. 28-январда америкалык жарандар отурган учак Аляскага конду, ал жерде вируска кошумча текшерүү болот. Жапония Ухандан 206 жаранын алып кетти.

Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузган адамдар Европада, Түндүк Американын жана Азия өлкөлөрүндө да катталууда.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG