Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 00:34

Уюшкан кылмыштуу топтун 16 жолу жоопко тартылган мүчөсү кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Аманкелди» деген ат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган киши кармалганын маалымдады. Ага карата иш Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөдөн токмок жегенин айтып жергиликтүү тургун кайрылган болчу. Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы 2020-жылдын 28-январында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 23 жаштагы жаранды кармаган.

Шектүү мурда кылган кылмышы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарында жайгашкан жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан издөөдө жүргөнү аныкталды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG