Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Үч медиага доо арыз боюнча сот: адвокат ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү


Процесстин катышуучулары.
Процесстин катышуучулары.

Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доо боюнча соттук иште «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев ишти Бишкектин Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү. Мындай сунушту ал 29-январдагы жараянда берди. Алагушев өтүнүчтү мындайча негиздеди:

- Доогерлер 24.kg сайтына карата материалдык доодон баш тартышты. Демек, 24.kgге карата формалдуу түрдө гана доо калды. Андан сырткары, биз «Доогерлер сотко берерде эмне себептен үч райондук соттон ушул сотту тандады?» деген суроону берип жатабыз. Ошондой эле бул иш кандай негизде Свердлов райондук сотунун төрайымынын кароосуна түшүп калды? Иште төрайымдын колу менен жазылган кагаз бар. Анда «автоматтык система ишти бөлүштүрүп, бул иш мага түштү» деп жазылган. Биз ага ишенген жокпуз.

«Азаттык» менен «Kloop.kgнин» жактоочулары андан тышкары «Азаттыктын» кеңсеси Ленин районунда жайгашканын, ушундан улам иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралышы керек экенин билдиришти.

Ал эми Матраимовдордун адвокаттары жоопкер тарап ишти башка райондук сотко өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч келтирүү менен соттук ишти атайын создуктуруп жатат деп эсептешет.

Судья Жылдыз Ибраимова өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. (BTo)

XS
SM
MD
LG