Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Депутат сотто сүрөткө тартууга бардык учурда уруксат берүүнү сунуш кылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

29-январдагы парламент жыйынында депутат Кенжебек Бокоев сот отурумдарындагы сүрөткө тартуу маселесин көтөрдү. Депутат ачык сотторго уруксаты жок эле сүрөткө тартууга уруксат берилиши керек деп эсептейт.

- Эгерде сотто сүрөткө түшүүгө каалоосу жок болсо келбесин, сотко бербесин, - деди ал. - Жактоочусун жиберсе болот. Ушуну шылтоолоп сотту жабык өткөрөсүңөр. Ишти изилдейин деп сүрөткө тартса тыюу саласыңар. Сүрөттүн эмнесине тыюу саласыңар?

Парламентте «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», «Кыргызстандын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат. Ага Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева катышууда.

Мыйзамга ылайык, сот отурумдарында судьянын уруксаты менен фото-видео жүргүзүлөт. Сот тараптардын пикирин эске алып чечим чыгарат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG