Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды


«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов.
«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов.

29-январь күнү шаардагы борбордук аянттын жанынан күч кызматкерлери беш кишини кармады.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, январь айынын ичинде Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Криминалдык милиция кызматкерлери жана тез аракеттенүүчү отряд атайын операцияларды жүргүзүшүүдө.

Кармалган беш адам: А. уулу Э., 1993-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну; Р.Э., 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну; У.Э., 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну; Р.Н., 1984-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну; М.А., 1985-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») беренеси боюнча шектүү катары убактылуу камоочу жайга киргизилди.

29-январда «Аманкелди» деген ат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган киши кармалган. Мурдараак уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп эсептелген, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов кармалып, 17-февралга чейин камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG