Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:28

Депутат орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын таламын талашты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Юстиция министрлигинин кыргыз жарандыгын алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү долбоорду чакыртып алууга үндөдү. Депутаттын айтымында, ал мыйзам долбооруна «башка өлкөнүн паспортун алган учурда Кыргызстандын жарандыгынан дароо чыгарылат» деген жобо киргизилүүдө. Акаев бул Орусиядагы кыргыз мигранттарынын мекенине кайтышында кыйынчылык жаратарын айтты:

- Орусиянын расмий органдарынын маалыматы боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы менен орус жарандыгын алган 553 198 кыргызстандык бар. Алардын көпчүлүгүндө кыргыз паспорту да сакталып калган. Алар келип айылдан жер, шаардан батир алышат. Ирденип алайын деп убактылуу кеткен. Алар кайтып келет. Азыр бул мыйзам менен «башка жарандыкты алсаңар кыргыз паспортун тапшыргыла» деп жатабыз. Азыр орус жарандыгын алганы менен кыргыз паспортун колдонуу мыйзамдуу.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Акыркы он жылда Кыргызстандын эмгек мигранттары жана мекендештер өлкөгө 19 млрд. доллардан ашык акча жөнөткөн. Көпчүлүк мигранттар Орусияда иштешет. (TSh)

XS
SM
MD
LG