Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Идлибдеги чабуулдан кеминде 10 киши өлгөнү кабарланды


Идлибдин Маарат-ал-Нуман шаарындагы аба чабуулдары. 18-декабрь, 2019-жыл.
Идлибдин Маарат-ал-Нуман шаарындагы аба чабуулдары. 18-декабрь, 2019-жыл.

Сириянын Идлиб провинциясында орус күчтөрүнүн аба чабуулдарынан кеминде он жай тургун каза тапты. Бул тууралуу «Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы» жана «Сириядагы жарандык коргонуу» уюмдары кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30-январга караган түнү Эриха шаарындагы ооруканага жана наабайканага абадан сокку урулган. Курман болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай маалыматты четке кагып, орус учактары бул аймакта аба чабуулдарын өткөрбөгөнүн билдирди. Бирок АКШнын Сирия боюнча чабарманы Жеймс Жеффри маалымдагандай, соңку үч күндө сириялык жана орусиялык аскердик учактар Идлиб аймагына бери дегенде 200 жолу сокку урган.

Бир күн мурда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Идлибдеги чабуулдарга байланыштуу Анкаранын чыдамы түгөнүп баратканын айтып, Москваны ортодогу келишимди «сыйлабай жатат» деп күнөөлөгөн.

Идлиб тогуз жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршылык көрсөтүп келген көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону катары саналып келет. Асаддын күчтөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарды тартып алууну көздөгөн жаңы чабуулун 19-декабрда баштаган.

XS
SM
MD
LG