Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 20:16

Тажикстанда эркин журналист камалды


Далер Шарифов.

Тажикстанда эки күндөн бери милицияда сурак берип жаткан эркин журналист Далер Шарифов эки айга тергөө абагына камалды. Дүйшөмбү шаардык соту 30-январда ушундай чечим кабыл алганын журналисттин адвокаты Абдурахмон Шарифов «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, 31 жаштагы журналистке «улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутту» деген айып тагылып жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, Шарифов беш жылга чейин түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн.

27-январда тажик милициясы журналисттин Дүйшөмбү шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын компьютерин жана бир нече китебин алып кеткен. Эртеси күнү Шарифов милицияга сурак берип жатканы белгилүү болгон.

Далер Шарифов мурда мамлекеттик «Сафина» телеканалында эмгектенген. Акыркы жылдары ишкерлик менен алектенип, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Журналист сынчыл көз караштагы макалалары менен белгилүү. Анын кармалышы боюнча бийлик өкүлдөрү расмий комментарий бере элек.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG