Украинанын батышындагы Львов шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын кабарчысынын автоунаасына белгисиз бирөөлөр өрт коюп кетишти. Журналист Галина Терещуктун машинеси 30-январга караган түнү өрттөлгөнүн Украинанын Ички иштер министрлиги ырастады.
«Биз бул кылмышка кимдир-бирөөлөр буйрук берип, аны ишке ашырыш үчүн адамдарды жалдаган деп ойлойбуз», - деди ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко.
Журналист Галина Терещук «Азаттыктын» украин кызматында 2000-жылдан бери иштеп келатат. Ал бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатат.
Полициянын Львовдогу башкармалыгы «журналисттин мүлкүнө атайылап зыян келтирүү» аракети боюнча иликтөө башталганын маалымдады.