Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Саймаити боюнча маалыматтарды иликтеген депкомиссия жыйын өткөрөт


Депутаттык комиссиянын отуруму.
Депутаттык комиссиянын отуруму.

Аталган комиссия 31-январдагы жыйынында кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана башка укуктук ченемсиз иш-аракеттери тууралуу маалымат каражаттарына жарыяланган жагдайларды жана маселелерди иликтейт.

Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 21-январда алгачкы жыйынын өткөргөн. Анда Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Улуттук банктын жана Финансылык чалгын кызматынын маалыматы угулган. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов берген маалыматка ылайык, 2012-2018-жылдардын аралыгында Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Финансылык чалгын кызматына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 18 кат жөнөтүлгөн.

- Анын 14 катында Айеркен Саймаитинин жана «Абдыраз» ишканасынын аты бар. «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин толук изилдөө үчүн 2019-жылдын 29-майында иликтөөдө аты аталгандар боюнча банк документтеринин көчүрмөсүн алыш үчүн «Азаттыкка» кат жазганбыз. Бирок жооп болгон эмес.

Былтыр 13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2014-жылдын 30-июнь күнү эле маалымат берилгенин айтты. Бирок ушул күнгө чейин жооп келген эмес.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG