Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Кыргызстанда билимди электрондук баалоо системасы киргизилди


Билимдерин электрондук жол менен баалоого Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын 1344 окуучусу катышууда. Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап, түшүнүү көндүмдөрү калыптанышын аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Иш-чарага кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилинде окуткан мектептер камтылган.

Пилоттук мектептерде электрондук баалоону Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтар технологиясынын улуттук борбору жүргүзүп жатат. Демилгечилердин белгилөөсү боюнча, мунун жыйынтыгы мугалимдерге билим алуудагы өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптыгы бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада «Бирге окуган сонун» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, ЮСАИД жана ЮНИСЕФ каржылаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG