Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Министр Айдарбеков Кытайдын элчиси менен коронавирусту талкуулады


Ду Дэвэнь жана Чыңгыз Айдарбеков.
Ду Дэвэнь жана Чыңгыз Айдарбеков.

1-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Айдарбеков жолугушууда Кытайдагы коронавируска байланыштуу кыргыз тарап Кытайды колдоого аларын айтты.

Ошондой эле Кытайда убактылуу же туруктуу жашаган кыргыз жарандарынын маселесин чечүүгө кытай тарап көмөк көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирди.

Дүйшөмбүдө өкмөт коронавирустун биринчи учуру катталган Кытайдын Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар экенин билдирген. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер. Ал эми Кытайда баш-аягы канча кыргызстандык бар экени тууралуу расмий маалымат жок.

Кытай бийлигинин соңку маалыматы боюнча, өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келчү жаңы коронавирустан 259 адам өлүп, вирусту жуктургандардын саны 11 791ге жетти. (BTo)

XS
SM
MD
LG