Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Чад Вульф: визалык чектөө бир жылдык иликтөөдөн кийин киргизилди


АКШ менен Кыргызстандын туулары.

АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеген чечими боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алты өлкөгө киргизилген визалык чектөө атайын мекеме аралык комиссиянын бир жылдык иликтөөсүнөн кийин киргизилди. Ал комиссиянын курамына Пентагондун, Мамдепартаменттин, Чалгын кызматынын өкүлдөрү кирген.

Ага ылайык, 2018-жылдын март айында президенттин администрациясы 200 мамлекеттин өкмөтүнө терроризмге каршы туруу боюнча АКШ менен маалымат алмашуу, паспорт маселесине байланыштуу суроолорду жиберген.

АКШнын ички коопсуздук боюнча министринин милдетин аткаруучу Чад Вульф комиссия жыйынтыгында Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттерине эң төмөн баа бергенин жарыялады.

Анын айтымында, Трамптын администрациясы бул тизмени маал-маалы менен карап турат. Кайсы бир мамлекет өз коопсуздугун бекемдеш үчүн тийиштүү чара көрүп, АКШ менен кызматташуусун оңдосо анын тизмеден чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.

31-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон кабыл алган чечим расмий Бишкекти өкүнткөнүн жана бул кадам эки мамлекет ортосундагы алакага сезилерлик зыян тийгизгенин билдирди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG