Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Кытайдан башка өлкөдө коронавирустан каза болгон алгачкы адам катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Филиппинде 44 жаштагы адам жаңы коронавирустан каза болду. Бул биринчи жолу Кытайдан башка өлкөдө кимдир-бирөө вирустан өлгөн учур болуп калды. Бул тууралуу 2-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Акыркы эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды. (BTo)

XS
SM
MD
LG