Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Адвокат Жунусов Кой-Таш окуясы боюнча комиссиядан чыкканын жарыялады


Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.
Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.

Кой-Таш окуясы боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусов комиссия бир жактуу иштегендиктен андан чыгып кеткенин «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди:

- Себеби окуянын чоо-жайы толук иликтенген эмес, комиссиянын корутундусунун долбоорунда мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери айыптуу болуп чыга келген. Бул тергөө кызматтарынын аларга оңой эле айып коюшуна көпүрө болуп берет.

Жамангул Жунусов мурунку президент Алмазбек Атамбаев мыйзамсыз кармалып турат, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясына кийлигишүү менен кызматынан аша чаап, мыйзамсыз ишке барды деп эсептейт.

Жунусов курамынан чыккан коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев болсо Жунусовдун жүйөлөрүн четке какты. Анын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, коомдук комиссиянын корутунду долбоору бекитиле элек, эч жакка жарыялана элек.

- Комиссиядан чыкса өзүнүн иши, - деди ал. - Биз корутундуну өз ара иликтөөдөн, Кой-Таш окуясына катыштыгы, тийиштиги бар адамдар менен аңгемелешип, сүйлөшүүдөн кийин гана долбоорун сунуш кылдык. Корутунду менен биз 8-февралда коомдук курултайдын жыйынында тааныштырабыз.

Кой-Таш окуясын иликтеген коомдук комиссияда 11 киши мүчө. Арасында Табылды Акеров, Чолпонбек Абыкеев, Сапарбек Аргынбаев сыяктуу белгилүү адамдар бар.

Кой-Таш окуясын мамлекеттик комиссия да иликтеген.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

ИИМдин маалыматына караганда «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу», «Ок атуучу куралды уурдоо же опузалап тартып алуу», «Тергөөгө каршылык көрсөтүү», «Адамды кооптуу абалда калтыруу» жана «Адамдын ден соолугуна зыян келтирүү» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 киши кылмышка шек саналууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG