Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу жарлыкка кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен президентке кайрылышкан. Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековго карата иш Жазык кодексинин 320-беренесинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 326-беренесинде («Опузалап пара алуу») каралган кылмыштардын белгилери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынгандыгы жөнүндө маалыматы негиз болгон. (TSh)