Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Жалал-Абад: убактылуу кармоочу жайдагы адам өлүмү боюнча иш козголду


Убактылуу кармоочу жайлардын бири.
Убактылуу кармоочу жайлардын бири.

Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кылмышка шектүү асынып алганына байланыштуу Жазык кодексинин 331-беренесине («Шалаакылык») ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Акыйкаттык» - «Справедливость» укук коргоо уюму билдирди.

Бул багытта уюм окуяны териштирүү максатында облустук прокуратурага кайрылган. Учурда козголгон ишти УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатат.

Ушул жылдын 14-январында убактылуу кармоочу жайдагы 43 жаштагы кылмышка шектүү асынып алган. Сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын кара жипке асынып алганы жана денесинде так жок экени аныкталган.

Маркум милициянын мурдагы кызматкери болгондуктан камерада жалгыз кармалып турган. Ага Жазык кодексинин төрт беренеси - «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү мыйзамсыз даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу», «Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзмөктөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү», «Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же жөнөтүү», «Каракчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Райондук сот кылмышка шектүүнү жети жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарган. Учурда апелляциялык даттануу Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан. Ал 2002-2006-жылдары ички иштер органдарында иштеген. (RsK)

XS
SM
MD
LG