Дүйшөмбү шаарынын соту журналист Далер Шарифовду камакта калтырды. Адвокаттары аны тергөө аяктагыча бошотууну өтүнүшкөн.
30-январда журналистке улут жана дин аралык кастыкты козуткан деген айып менен иш козголуп, эки айга кармалган.
Башкы прокуратура Шарифов 2013-2019-жылдары "экстремисттик мазмундагы 200дөн көп макала жарыялаган, диний жек көрүүнү козуткан" деп ырастоодо. Аталган орган журналистти жашыруун типографияда өлкөдө тыюу салынган "Мусулман агайындар" кыймылынын идеяларына үндөш мыйзамсыз трактат чыгарган деп айыптады.
Шарифовдун адвокаттары жана жакындары бул дооматты четке кагышууда.
Январь айынын башынан бери Тажикстанда "Мусулман агайындар" кыймылына мүчө деп жүздөн ашык киши кармалып, айрымдары кийин кое берилди.