Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

ТИМ: Түркияда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргыз жаранынын абалы туруктуу


Кырсыкка кабылган учак. Стамбул. 5-февраль, 2020-жыл.
Кырсыкка кабылган учак. Стамбул. 5-февраль, 2020-жыл.

Түркияда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргызстандык Стамбулда мамлекеттик ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу 6-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, экөөнүн тең абалы туруктуу. Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, ал-абалын көрүштү.

«Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө 24 саат болушат, андан кийин ооруканада калтыруу же чыгаруу маселеси чечилет», деп билдирди министрлик.

5-февралда Стамбулдун «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунда «Pegasus Airlines» компаниясынын Измир-Стамбул каттамы боюнча учуп келген лайнери конуучу тилкеден чыгып кеткен. Ичиндеги 177 жүргүнчүнүн 130у жабыркаган. (RK)

XS
SM
MD
LG