Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Исфарада кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы жыйын курду


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 6-февралда кабарлагандай, жыйынга эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим катышты.

«Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү жаатында жалпы түшүнүү жана каалоо бар. Вице-премьер-министр, ошондой эле кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткарыш үчүн Баткен облусунда жүрүшөт», деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарланган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG