Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Айдар Акаевдин сөөгү Москвада жерге берилет


Айдар Акаев. 2006-жыл.
Айдар Акаев. 2006-жыл.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвада коюлат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-февралда өтөрүн, үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алганын «Азаттык» радиосуна 6-февралда Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Дамир Асанов билдирди:

«Cөөгү Москвада коюлат. Үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алыптыр. «Ушул ишембиде жерге берилет» деп айтып жатышат. Аскар Акаев Айдар акыркы беш жылдан бери жүрөк оорусуна чалдыгып, дарыгерге көрүнүп жүргөнүн айтты. Акыркысында микроинфаркт болуптур».

Айрым маалыматтарда маркумдун сөөгү Троекуров көрүстөнүнө коюлары айтылууда.

Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен. (LzT)

XS
SM
MD
LG