Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Суракматов вице-мэр жана басма сөз катчы боюнча жооп берди


«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева.
«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева.

Бишкек мэри Азиз Суракматов «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева менен вице-мэр Мирлан Амантуровдун ортосундагы пикир келишпестикти «жумуш процесси» деп баалады. Суракматовдун пикирин мэрия аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Мен муну жумуш процесси деп ойлойм. Эгерде иш болбосо мындай талаш-тартыш болбойт. Бирок биз алдыга жылгыбыз келсе мындан кача албайбыз. Ал эми «Тазалык» ишканасында чыгымдарды оптимизациялоо жана санариптештирүү жүрүп жатат», – деди Суракматов.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун «бул ишкананын аппаратынын кызматкерлери көп айлык алат» деген сынына жооп бергени социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Каракеева «Фейсбуктагы» баракчасына айлык акы тууралуу документти чыгарып, колуна 11890 сом аларын жазган. «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы вице-мэрди башка иштери үчүн да сындаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG