Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Жүргүнчү учак Сириядагы орус аба базасына кондурулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бортунда 172 жүргүнчүсү бар «Airbus A320» учагы Орусиянын Сириядагы «Хмеймим» аскердик базасына чукулунан конууга аргасыз болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдиргенин орус маалымат каражаттары 7-февралда жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, мындай кырдаалга Сирия күчтөрүнүн Дамаскка коюлган чабуулдун мизин кайтаруу аракети себеп болгон.

Конашенковдун айтымында, түнкү саат 2лер чамасында Израилдин «F-16» үлгүсүндөгү төрт учагы Сириянын аба мейкиндигине кирбестен Дамасктын конуштарына сокку урган.

Бул чабуулдун убагында жүргүнчү учак Тегерандан учуп келип, Дамаскка конгону жаткан. Конашенков учак аз жерден артиллерия тарабынан аткыланып кала жаздаганын айтты. Натыйжада «Airbus A320» атайын коштоо менен «Хмеймим» аба базасына кондурулган.

Бул тууралуу Израил маалымат бере элек. Учак кайсы өлкөгө таандык экени да так айтылган жок.

XS
SM
MD
LG