Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:49

Билим берүү саясаты боюнча эки китеп кыргызчага которулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эки адистин китептери кыргызчага которулду.

Паси Сальбергдин “Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?” жана Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” деген китептеринин кыргызча котормолорунун бет ачары 7-февралда Бишкекте, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте өттү.

Сальбергдин китеби буга чейин 18 тилге которулган. Анда автор ортозаар Финляндия өлкөсү экономикасы менен мектептеги билим берүү системасын кантип ХХ кылымдын акыркы отуз жылында мыкты деңгээлде көтөрө алганы тууралуу баяндайт. Бул эмгек дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer” сыйлыгына татыган.

Сальбергдин китеби негизинен саясатчылар үчүн болсо, Уолкердин жазганы мугалимдер үчүн. Эки китеп бири-бирин толуктап турат.

Финляндияда жашап иштеген америкалык мугалим Уолкер ага чейин АКШда иштегендиктен, эки өлкөнүн билим берүү системасын, мугалимдерин жана окуучуларын салыштырып, анализ кылат.

Эки китептин тең редактору публицист жана журналист Кубат Чекиров. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG