Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарында армия капралынын огунан каза болгондордун саны 25 адамга жетти. 60тан ашуун адам жараат алды.
Жакрапант Томма аттуу аскер алгач үч офицерди өлтүрүп, армиянын автоунаасын айдап кеткен. Андан соң шаардагы ибадатканын жана соода борборунун жанынан өтүп бараткандарга ок аткан. Мындан соң соода борборуна кирип, бир нече адамды барымтага алган.
Жайкын адамдарга ок ачкан аскер атайын операциянын жүрүшүндө атып өлтүрүлдү. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.