Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынан 10 500 евро өлчөмүндө жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 27 жаштагы жаран 7-февралда кармалганын кабарлады.
Баштапкы маалымат боюнча, шектүүнү кармоого акча алмаштыруучу жайлардын биринин кассири жардамдашкан. Учурда кылмышка шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар башка кишилерди аныктоо жүрүп жатат.
Улуттук банктын сайтындагы расмий акчанын курсу менен эсептегенде 10500 евро 800 миң сомго жакын каражат болот. (TSh)