Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Жеңиш Разаков кызматтан алынды


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону жөнүндө маалымат президенттин расмий сайтына 11-февралда жарыяланды.

Жеңиш Разаковдун ишмердигине карата коомчулукта жана парламентте кескин сындар айтылып келаткан. Ал вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Бир жума мурда экономика тармагын тейлеген дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG