Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Орусияда Путинге болгон ишеним эки жылда эки эсе азайды


Президент Владимир Путин. 23-январь, 2020-жыл.

Орусиялыктардын 35% президент Путинге ишенет. «Левада борборунун» январдагы сурамжылоосу бул көрсөткүч беш ай мурункуга салыштырмалуу 4% азайганын жарыялады. 2017-жылдын ноябрында сурамжылоо Путинге болгон ишеним 59% экенин көрсөтсө, эки жылда ал эки эсе азайган.

Социологдордун сурамжылоосуна караганда, 2019-жылдын сентябрында коргоо министри Сергей Шойгунун жана тышкы иштер министри Сергей Лавровдун рейтингдери жогорулаган.

«Левада борборунун» иликтөөсүндө жаңы премьер-министр Михаил Мишустинге сурамжылоого катышкандардын 3% гана ишеним артарын билдирген.

Сурамжылоого тартылгандардын 39% эч бир саясатчыга ишенбейт же суроого так жооп берүүдө кыйналган.

Былтыр май айында Коомдук пикирди билүү борбору Путин бийликке келгенден бери ага болгон ишеним эң төмөнкү чекке – 31,7% жеткенин билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG