Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Финпол «Гранд Строй Инвест» компаниясынын директоруна издөө жарыялады


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан сүрөт.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Гранд Строй Инвест» курулуш компаниясынын директору Данияр Хайдаровго издөө жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы Хайдаров Бишкекте турак жай курууда жана пайдаланууга берүүдө алдамчылык кылганын билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал жаңы үйлөр үчүн жарандардын акчасын алып, бирок батирлерди берген эмес.

2019-жылдын декабрында Хайдаров кылмыш боюнча шек саналып жатканы тууралуу сырттан маалымдалган. Сот аны камакка алууга чечим чыгарып, издөө жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG