Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Алымжан Козубаев «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорлугунан бошотулду


Алымжан Козубаев.
Алымжан Козубаев.

Алымжан Козубаев «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорлук кызматынан бошотулду. Буйрукка премьер-министр 13-февралда кол койгонун «Азаттыкка» өкмөт билдирди.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 30-январдагы жыйынында Козубаевди кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүп, кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев өкмөткө сунуш киргизген.

Расмий маалыматтарга ылайык, укук коргоо органдары «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG