14-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...8° болот.
Бишкек шаарында түндө кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 7…9° болот.