«Human Rights Watch» (HRW) уюму Ооганстандын өкмөтүн жыныстык зомбулукка байланыштуу «таасирдүү адамдар» аралашкан иштерди аягына чыгарууга чакырды.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун 12-февралдагы билдирүүсүндө соңку эки окуя ооган бийлиги бул маселени көз жаздымда калтырып жатканын күбөлөгөнү айтылат.
Уюм Ооганстандын футбол боюнча кыз-келиндер командасынын оюнчуларына жыныстык ыдык көрсөткөнү үчүн айыпталган Футбол федерациясынын жогорку жетекчилери ушул күнгө чейин кармалбаганын, Логар провинциясынын расмий өкүлдөрү мамлекеттик мектептерде өспүрүмдөргө жыныстык зомбулук көрсөткөн топту жаап-жашырып жатканын сынга алган.
«Ооганстанда жыныстык зомбулук боюнча ишти аягына чыгаруу көптөн бери эле өтө кыйын. Бирок шектүүлөр таасирдүү адамдар болгон учурларда маселе ого бетер татаалдашат», - деди «Human Rights Watch» уюмунун Азия боюнча изилдөөчүсү Патрисия Госсман.
Былтыр Логардагы мектептерде болгон жыныстык зомбулук тууралуу айтып чыккан эки активист опузага кабылганы, Ооганстандын күч органдарына суракка чакырылганы маалым болгон. Ооганстандын Башкы прокуратурасы бул окуялар боюнча 18 киши кармалганын билдиргени менен алардын арасында кылмышка шектүү деп аты аталып жаткан жетекчилер же полиция кызматкерлери жок. Ал эми кыз-келиндердин командасынын мүчөлөрүнө ыдык көрсөттү деп айыпталган Ооганстандын Футбол федерациясынын мурдагы башчысы Керамеддин Карим алигиче кармала элек.