Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Кордойдогу чатакта өлгөндөрдүн саны 11 кишиге жетти


Кордойдун Сортөбе айылында өрттөнгөн үй. 8-февраль, 2020-жыл.

Казакстандын Кордой районунун Масанчи айылындагы улут аралык кагылышта күйүп кеткен дагы бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун губернаторунун кеңешчиси Канат Кулшыманов 13-февралда билдирди.

Анын айтымында, белгисиз адамдын сөөгү чатак маалында өрттөнүп кеткен соода борборунун калдыктарын тазалоо учурунда табылган.

«Анын тек-жайын аныкташ үчүн экспертиза жүргүзүлүп жатат», - деди Кулшыманов.

8-февралга караган түнү Кордой районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарында жергиликтүү дунгандар менен казактар чатакташа кеткен. Алгач башаламандыктан 10 киши каза болгону, 30дан көп турак жай, 17 соода түйүнү, 47 машине талкаланып, өрттөлгөнү кабарланган. Мындай кырдаалдан улам бир нече миң казак жараны Кыргызстанга качкан.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG