Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгы менен Түркмөнстандын улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиев кызматынан алынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бердиевдин кетиши анын башка кызматка өткөндүгү менен байланыштуу. Азырынча анын кайсы кызматка дайындалганы белгисиз.
22-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Бердымухамедов ишиндеги кемчиликтери үчүн Бердиевге сөгүш жарыялап, аскердик наамы генерал-полковниктен генерал-майорго чейин төмөндөтүлгөн.
Өз булактардын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү Түркмөнстандын күч түзүмдөрүнүн бир нече жетекчиси кызматтан алынганы турат. Бул кадрдык өзгөрүүлөр 2020-жылга белгиленген конституциялык реформага байланыштуу экени айтылууда.