Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Сузактагы мейманканада бычакташкан эркек менен аялдын абалы туруктуу


Сузак райондук аймактык ооруканасы.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы мейманканалардын биринде 7-февралда бычакташа кетип, оор абалда ооруканага жаткырылган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сузак райондук аймактык ооруканасы билдирди.

«Денесинин бир топ жерлери кесилген 21 жаштагы келин бир жума жандандыруу бөлүмүндө жатып, 13-февралда палатага чыгарылган. Ал эми колу жана мойну кесилген 36 жаштагы эркек киши сынык-жарат бөлүмүнүн атайын палатасында дарыланып жатат. Экөөнүн тең абалы туруктуу», деп айтылат маалыматты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда мейманканадагы окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмышка шектүү катары жанындагы эркек камакка алынган. Учурда ал бейтапканадагы атайын палатада милициянын көзөмөл астында дарыланып жатат.

Мейманканадагы бычакташууну милиция териштирүүдө. Баштапкы маалыматтарга караганда жабыркаган келин сөз болуп жаткан киши менен жарандык никеде жашайт жана ортодо баласы бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG