Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 13:41

Камактагы саясатчы Жээнбеков ишкер чөйрөгө кайрылды


Равшан Жээнбеков.

Кой-Таштагы окуялар боюнча оор кылмыштар үчүн шектүү катары абакта отурган Равшан Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбеков менен ишкерлердин жолугушуусу боюнча пикирин билдирген. Камактагы саясатчы түрмөдө отурган ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү көп экенин белгилеп, алардын көбүнүн иштерин күч органдарынын туура эмес аракеттери менен байланыштырган.

Равшан Жээнбеков президент бул абалды өзгөртүүгө күчү жетпейт деп эсептейт. Ал ишкерлерге «өз күчүңөргө таянып, мамлекеттик башкарууда, ишкерликти колдоо жаатында реформа жүргүзүүгө, көз каранды эмес сот, парламент түзүүгө убакыт келди» деп кайрылган.

Равшан Жээнбеков былтыр 12-декабрда кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган.

14-декабрда бул айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн экс-депутат камалганга чейин ИИМге бир канча жолу суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG