Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

ИИМ Рахманберди уулунун кайрылуусуна байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө


Ички иштер министрлиги спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке жолдогон видео кайрылуусуна байланыштуу иликтөө баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 15-февралда билдирди.

Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке видео кайрылуу жолдогон. Анда Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айтып, алар бул тууралуу ооз ачпоого үндөп келгенин билдирген.

Милиция Рахманберди уулу кайрылуусунда айткан маселе боюнча ал мурда бир канча жолу суракка келгенин, бирок өзү ошол фактыны четке какканын маалымдады.

Президенттик аппараттан азырынча реакция боло элек.

Кайрылууда Рахманберди уулу "Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кланынын айынан тынчтык көрбөй жатканын" белгилеген.

"Азаттык" Раимбековдон, Матраимовдон жана алардын туугандарынан азырынча комментарий ала алган жок. Ал эми Кылыч Саркарбаев "бул кайрылууда кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн" деп "Азаттыкка" билдирди.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Кылыч Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Ал эми Нурбек Райымбеков - Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун (мурдагы фамилиясы Раимбеков) бир тууганы. Ал буга чейин каракчылык боюнча кармалган. (SE)

XS
SM
MD
LG