Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Зариф: Учактын кара кутусун изилдөөгө Иранда мүмкүнчүлүк чектелүү


Мухаммед Жавад Зариф
Мухаммед Жавад Зариф

Иран атып түшүрүлгөн учактын кара кутусун изилдөө үчүн тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф NBC телеканалына берген маегинде айтты.

"Украинанын эл аралык аба жолдору" компаниясынын «Боинг» учагы 8-январда Тегерандан Киевге учуп чыгары менен жарылып кеткен. Борттогу 176 кишинин бардыгы каза болгон.

Ислам Республикасынын бийлиги адегенде трагедия үчүн жооптуу экенин четке каккан. Бирок үч күндөн кийин Иран аскерлери лайнерди кокустан атып алышканын моюнга алууга аргасыз болгон.

Тегеран алгач бул катастрофаны эл аралык иликтөөгө алууга макул болуп, кийинчерээк кара кутуну башка мамлекетке берүүгө каршы чыккан. Ал арада кара кутудагы маалыматтарды тактоо үчүн Иранга АКШдан программалык жана техникалык жардам керек болуп турат. Зариф көмөк суралганын, бирок оң жооп алынбаганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG