Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германияда бир катар чет элдик дипломаттар менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.
Сүйлөшүүлөр Мүнхен шаарында Коопсуздук конференциясынын алкагында уюштурулганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Айдарбеков 15-февралда Словакия, Германия, Литва, Кувейт, Катар, Латвия, Финляндия, Румыния, Испания, Лихтенштейн, Польша жана Норвегия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугуп, алака-катышты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Айдарбеков чет элдик кесиптештерин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.