Анын ичинен 70 миңден ашыгы Кытайда катталган. Каза болгондордун саны 1770 адамга жетти. Бул тууралуу 17-февралда Кытайдын Cаламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы кабарлады.
Акыркы бир сутка ичинде вирус жаңыдан жуккан 2048 киши катталган. Бир сутка ичинде каза болгондордун саны 105 адам болду.
Кытайдын жол башчысы Си Цзиньпиң вирус менен күрөш боюнча буйрукту 7-январда бергенин, ошондон бери ооруга каршы күрөштү жеке өзү көзөмөлдөп келатканын жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу билдирди. Ошондон кийин оору боюнча жаңы маалыматтар жарыялана баштады.
Ал арада жапон бийлиги жээкке келери менен карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн ичинен ооруга жаңыдан кабылган 70 адам аныкталганын кабарлады. Ошондо саякат кемесинде вирус жугузгандардын жалпы саны 355 адамга жетти.
АКШнын Токиодогу элчилиги «Diamond Princess» кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн арасындагы америкалыктар эки учак менен АКШга жөнөтүлгөнүн билдирди. 17-февралда АКШнын Мамлекеттик департаменти саякат кемесинен эвакуацияланган 300 америкалык жарандын ичинен 14 адамдан илдеттин белгилери табылганын жарыялады. Кемеден эвакуацияланган 300 адам толугу менен дагы 14 күн бою АКШда карантинде болушмакчы.
Саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан бери Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат.
Кытайдан башка 30 өлкөдө бул дартка чалдыккан 300 адам чалдыкканы катталган. Алардын ичинен төртөө каза болду. (YI)