Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:35

Кара-Кулжада мектеп өрттөнүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттыктын» угармандары тартып жиберген видео тасмада бир кабат мектептин күйүп жатканын, айыл эли колуна чака-челек алып, өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Тасманы тарткан адам белгилегендей, райондун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Коо-Чаты айылындагы Сагындык орто мектеби күйүп кеткен. Тасмада айрым адамдар чатыры өрттөнүп жаткан имараттан компьютерлерди алып чыгууга аракет кылып жатышканы да тартылган.

Тасмада айтылгандай, өрт 17-февраль күнү түндө, саат 23:30 чамасында чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мектеп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда. Өрт өчүрүүчүлөр жолдун ыраактыгына жана татаалдыгына байланыштуу кырсык чыккан жерге 18-февралдын таңында гана жетип, өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Сагындык орто мектеби толугу менен күйүп кеткенине байланыштуу окуучулар учурда айылдагы бош турган үйлөрдө окуп жатышат. Сагындык орто мектебинин директору Карыбек Матеновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуучулар 6 класска ылайыкталып даярдалган үйлөрдө эки нөөмөт менен окушууда. Мектепте 108 бала окуучу. Директордун сөзүнө караганда, өрт чыккан түнү айыл эли күйүп жаткан класстардан парта, стол-стулдарды сактап калууга жетишкен.

Сагындык орто мектебине коңшулаш мектеп бир чакырым аралыкта жайгашкан. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG