Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү


Кыргызстан Кытайга жиберген гуманитардык жардам. «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекети.
Кыргызстан Кытайга жиберген гуманитардык жардам. «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекети.

Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо иретинде Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Жалпысынан жети тоннанын тегерегиндеги жүк «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетине чейин жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык каражаттар).

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирусту жугузгандардын саны 72 миң кишиге жетти. Вирустан 1868 адам каза болду. Андан тышкары вирусту жугузуп алган 12 миңден ашык киши айыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG