Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:24

Казакстан: Назарбаев менен кездешүүнү каалаган тургундар митингге чыгышты


Ак Ордонун алдында турган демонстранттар. Нур-Султан, 17-февраль, 2020-жыл.

Нур-Султанда 17-февралда 60тай нааразы тургун өлкөнүн мурунку президенти Нурсултан Назарбаев менен кездешүүнү талап кылып чыкты. Алар бир эле учурда Нурсултан Назарбаев, Сенаттын спикери Дарига Назарбаева жана президенттик аппараттын башчысы Ерлан Кошанов менен көзмө-көз сүйлөшүүнү талап кылып, президенттик резиденцияга бет алышты. Бирок жергиликтүү полиция алардын жолун тосуп, резиденцияга жеткирген жок.

Нааразы тургундардын арасында курулуштарга үлүштөш болгондор, ипотекалык насыядан күйгөндөр жана сотторго нааразы болгондор бар. Мурдараак алар бийликке нааразылыгын өз-өзүнчө билдирип жүрүшкөн. Эми алар биригип келип, «биздин талаптарыбыз ар түрдүү болгону менен биз бийликтин калыс болушуна бирдей каалайбыз» дешти.

Бийликке жана сотторго нааразы тургундар көйгөй мурунку президент Назарбаев кийлигишмейинче чечилбейт деп эсептешет.

Нааразы тургундарга баш калаанын полициясынын башчысынын орун басары Бакытжан Малыбаев чыкты. Бирок ал мурунку президент менен бетме-бет сүйлөшүп, каттарын өз колуна беребиз деген тургандарды артка кайтарды. (YI)

XS
SM
MD
LG